Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:35

19 жаштагы кыргыз кызы Сириядагы согушта жүрөт


Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,19 жашта кыз июль айынан бери Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөнү дайын болду. Оперативдүү маалыматтар боюнча, Кара-Суу районунун тургуну Түркия аркылуу Сирияга өткөн. Учурда бул боюнча коопсуздук органдары иш жүргүзүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча учурда 150дөн ашык кыргыз жараны Сириядагы согуштук аракеттерге катышууда. Алардын арасынан сегизи ал жактан каза болгону кабарланган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG