Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Баткен: чек ара бөлүгү түзүлгөнүнө 15 жыл толду


Баткен районунун аймагындагы 2022 чек ара бөлүгү 1999-жылы 6-октябрда уюштурулган. Бүгүн аталган чек ара бөлүгүндө майрамдык салтанат өтүп, аскерге жаңы чакырылгандар ант беришти. Иш-чарада мындан 15 жыл мурун 1999-жылы Өзбекстан ислам кыймылынын жоочулары бастырып киргени эскерилип, эгер ошол учурда Баткен аймагында күжүрмөн даярдыктагы чек ара бөлүгү болгондо абал башкача болмок экени айтылды. Ошондой эле акыркы учурда Чек ара кызматы чек араны коргоодо татыктуу иштеп жатканы белгиленди.(JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG