Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Ош: студенттер Сулайман-Тоодо ишембилик өткөрдү


Ош шаарынын жаштар комитетинин демилгеси менен 300 студент Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалашты. Бул тууралуу шаардын жаштар комитетинин башчысы Камчы Досматов билдирди. Анын айтымында, иш-чара Ош шаарынын күнүнүн алкагында уюштурулду.

Жалпысынан Ак-Буура жана Сулайман-Тоосунун аймагынан 5 тоннадан ашык таштанды чогултулду.

Жыл башынан бери комитет тарабынан үчүнчү жолу ишембилик уюштурулуп жатат. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG