Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

НАТО Орусия менен “конструктивдүү” кызматташтыкты каалайт


НАТОнун баш катчысынын кызматына өткөн аптада киришкен Йенс Столтенберг бул тууралуу Польшадагы сапары учурунда билдирди.

Ал бүгүн поляктардын “Газета Выборча” басылмасындагы маегинде белгилендей, НАТОну чыңдоо жана Орусия менен конструктивдүү мамиле түзүүнүн ортосунда эч кандай карама каршылык жок.

НАТО соңку кездери Чыгыш Европадагы мүчөлөрүнүн коопсуздугун чыңдоо боюнча кадамдарды жасоодо.

Столтенберг НАТО эл аралык милдеттемелерин, анын ичинде кансыз согуш доорунан кийин Москва менен мурдагы коммунисттик блокко кирген мамлекеттерде аскерлердин жайгаштырылышын чектөө боюнча келишимдерин карманарын убада кылган.

НАТО менен Орусиянын мамилеси украин кризисинен улам кыйла бузулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG