Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Ефпатория: жоголгон крым татар жигиттин өлүгү табылды


29-сентябрда дайынсыз жоголду деп маалымдалган крым татар жигити Эдем Асановдун жансыз денесин Ефпаториядагы кароосуз калган санаторийдин имаратына таштап кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыктын” крым татар кызматына анын эжеси Фериде билдирген. Анын айтымында, Эдем Асанов жөнөкөй, чыр-чатактан алыс бала болгон. Ал бир да саясий акцияларга катышкан эмес.

Мурда кабарлангандай, Эдем Асановду акыркы жолу Эфпатория автобекетинен көрүшкөн.

Буга чейин 27-сентябрда Белогорск шаарынан алыс эмес жерден ага-ини 18 жаштагы Ислям Жепаров менен 23 жаштагы Жевдет Ислямов да дайынсыз жоголуп кетишкен.

Крымдагы татарлардын улуттук лидери Мустафа Жемилев Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясында сөз сүйлөп жатып, ушул жылдын март айында Орусия Крымды окупациялап алгандан бери 18 крым татары дайынсыз жоголгонун билдирген. Ал Крымдын Орусия дайындаган бийлиги татарларга кысымын күн санап күчөтүп жатканын, алар каалаган мезгилде каалаган үйдү тинтүүгө алып, каршы сөз сүйлөгөндөрдү камакка алып жатканын да белгилеген.

XS
SM
MD
LG