Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Жаңы конушта жашаган балдарды коргоого арналган иш-чара өтөт


Бүгүн Ак-Бата жаңы конушунда жашаган балдардын турмушун көрсөтүү, аларды ар кандай зордук-зомбулуктардан коргоо жана бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөгөн “Балдарды зомбулуктан биргелешип коргойлу!” деген аталыштагы иш-чара өтөт.

Уюштуруучулардын бири Алмаз Жумалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чаранын алкагында “Форум театр” уюштурулат. “Форум театрдын” спектаклдеринде окуучулар ата-энелер жана мугалимдер менен биргелешип, балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу үчүн кандай аракеттерди көрсө болорун чагылдырып беришет.

- Жаңы конуштарда башка жерлерге салыштырмалуу зомбулук көп болуп турат. “Форум театрдын” негизги максаты – окуучулардын мамилесин оңдоп, маселени күч менен эмес, сөз менен чечүүгө үйрөтүү, мектептеги каракчылыкка бөгөт коюу.

Алмаз Жумалиев жаңы конуштарда жашаган 100дөн ашуун балага 6000 еврого спорт кийимдер, топтор жана башка футбол оюну үчүн керек шаймандар белекке берилерин билдирди. Бул каражатты Копенгагендин жашоочулары чогултуп берген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG