Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Бишкекте Жарандык авиация күнүнө арналган иш-чара өтөт


Жарандык авиациянын 81 жылдыгына жана эмгек сиңирген учкуч Ишенбай Абдраимовдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн, Транспорт министрлигинин, кесиптик кошуундун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт министрлигинен кабарлашты.

1933-жылы 7-октябрда Кыргызстандагы алгачкы учкуч-насаатчылар Николай Иеске жана Евгений Балакши Күңгөй Ала-Тоо жана Кыргыз Ала-Тоо кыркаларын биринчилерден болуп учуп өткөн. Алар У–2 учагы менен 3500 метр бийиктикти багындырган. Ошондон бери бул күн Жарандык авиация күнү катары белгиленип келет. Ошол эле жылы Бишкек – Балыкчы – Каракол жана Бишкек – Ташкент – Алматы каттамдары ачылган.

Советтер Союзундагы эң биринчи эмгек сиңирген учкуч наамын Ишенбай Абдраимов 1966-жылы алган. Республикадагы авиациянын демилгечиси, уюштуруучусу, жетекчиси жана эң биринчи кыргыз учкуч Абдраимов Кыргызстандагы 1-класс стандартындагы аба майданды курдурган.

Абдраимов тушунда санитардык авиация бөлүмү түзүлүп, Кыргызстанда аба майдан, учуп-конуу тилкелери, майда аэродромдор, айыл чарба жана спорттук тилкелер, аскерий аба майдандары жана тик учак конуучу аянтчалар болуп жалпысынан 86 авиа объект салынган. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG