Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

ЖК комитети Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусун жактырды


Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү боюнча жол картасын жактырды. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул жол карта өлкөнүн аталган мейкиндикке кошулуу жараянынын жол-жобосун камтыйт. Анда аймакка кирген Орусия, Беларус жана Казакстан менен эркин соода жүгүртүү, миграциялык кызматташтык жүргүзүү эрежелери каралган.

Быйыл 29-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасы бекитилген. Ошол эле учурда Кыргызстан Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу ниетин билдирип, президент Алмазбек Атамбаев бул багыттагы ишти тездетүүнү өкмөткө тапшырган. Бирдиктүү экономикалык аймак бул - Бажы биримдигинен кийинки уюшма болуп саналат. Бул аймакка Орусия, Казакстан жана Беларус кирет. Анда капиталдын, сооданын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жол берилген.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG