Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Кумсаларга каршы мыйзамды парламент комитети жактырды


Жогорку Кеңештин Билим берүү комитети кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды, бул тууралуу мыйзам авторлорунун бири депутат Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзам эми парламентке добуш берүүгө жөнөтүлөт.

- Бул мыйзамдын башкы максаты - салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин пропагандалоого бөгөт коюу. Биз салттуу үй-бүлө мамилесин сактап калышыбыз керек. Болбосо Батыш өлкөлөрүнүн таасири менен эркек менен эркектин, аял менен аялдын үй-бүлө күтүшү норма катары таңууланып жатат, - деди Дыйканбаев.

Аталган мыйзам кабыл алынып калса, салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалагандарды 6 айдан бир жылга чейинки абак жазасы күтөт. Аларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жактаган журналисттер да жазага тартылат. Мыйзам ошондой эле кумсалардын же лесбиянкалардын бирикме түзүп, укугун коргошуна тыюу салат. (UEz)

XS
SM
MD
LG