Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Бишкек ЖЭБи Кара-Кече көмүрү менен 16 пайыз гана камсыз болду


Мындай маалыматты “Кыргызкөмүр” ишканасынын башчысы Мирлан Жакыпов билдирди. Анын айтымында Бишкек жылуулук борборуна Кара-Кечеден 500 миң тонна көмүр алынып келиши керек. Бирок бүгүнкү күндө анын 80 миң тоннасы гана жеткирилди.

Бишкек жылуулук борборуна мындан сырткары Казакстандан дагы 630 миң тонна көмүр сатылып алынышы керек. Бул үчүн өткөрүлгөн тендерлер коррупцияга байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Казак көмүрүн сатып алуудагы жана тендер өткөрүүдөгү былык иштерге байланыштуу Башкы прокуратура менен УКМК бир катар жетечилерге кылмыш ишин козгогон. (UEz).

XS
SM
MD
LG