Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Политковская атындагы сыйлык Ирак депутатына берилди


Анна Политковская атындагы сыйлык бул жолу Ирак депутаты, өз өлкөсүндө улуттук азчылыктардын укугун коргогон Виан Дахилге берилди. Дахил Ирактагы Синжар тоосунда бозуп жүргөн езид азчылыктарына жардам берип жүргөн учурда тик учак кырсыгынан бутун сындырып алган. Ошого карабай жардам берүү кампаниясын токтотпой турганын билдирген. Ал “биз тынч жашап атабыз. Бирок айрым адамдар кордолгон, кыз-келиндер кыйноого, зордук-зомбулукка жана кул катары мамилеге туш болууда”, - дейт Политковская атындагы сыйлыктын лауреаты Дахил.

2006-жылы өлтүрүлгөн Анна Политковская атындагы сыйлык 2007-жылы Reach All Women in War бейөкмөт уюму тарабынан түптөлгөн. Сыйлык согуш өтүп жаткан аймактарда адам укуктарын сактоо боюнча иш алып барган аялдарга тапшырылат. Сыйлык быйыл сегизинчи жолу берилип жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG