Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Орусияда жана дүйнөдө Политковская эскерилүүдө


Орусиядагы «Новая газетанын» баяндамачысы Анна Политковская сегиз жыл мурда, 2006-жылы Москвада үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн. Бирок өлтүрүүгө буйрутма бергендер ушул кезге чейин белгисиз.

Бул датага байланыштуу Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Политковскаянын элесине “Анна үчүн гүлдөр” деген аталыштагы акция өткөрүүдө. Анын алкагында каалоочулар Политковская иштеген “Новая газетанын” редакциясына акцияга кошулган гезиттерден жасалган гүлдөрдү алып келишүүдө. Киши колдуу болгон журналистти эскерүү акциясы жана пикеттер Орусиянын башка шаарларында да өтүүдө. Жарандык коомдун өкүлдөрү Политковскаяга арналаган иш-чараларды эл аралык “Акция жумалыгынын” алкагында 12-октябрга чейин улантышат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG