Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Пакистанда кеминде беш согушкер жок кылынды


Пакистандын түндүк-батышында АКШнын пилотсуз учагынын чабуулунан исламчыл козголоңчу делген беш киши тындым кылынды. Коопсуздук органдары, чабуул Түштүк Вазиристандын аймагында болгонун билдиришүүдө. Ушундай эле чабуулдан 5-6-сентябрда кеминде 10дой согушкер өлтүрүлгөнү кабарланды.

Июнь айынан бери Пакистан армиясы Түндүк Вазиристан провинциясында согушкерлерге каршы абадан да, жерден да чабуул жасап келет. Жалпысынан миңдей согушкер жок кылынып, жүзгө жакын аскер каза тапты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG