Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

HRW: Крымда бери дегенде беш адам дайынсыз


Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, Крымдагы окуяларда бери дегенде беш киши дайынсыз жоголду. Крымда акыркы он күн ичинде эле үч татар жигиттин ың-жыңсыз жоголушу крым татарларын коркутуу катары бааланууда. Аталган уюмдун бул билдирүүсү буга чейин дайынсыз жоголуп, 29-сентябрда сөөгү табылган Эдем Асановдун окуясынан кийин жасалууда.

Буга чейин да жоголгон адамдардын өлүгү табылган. Алардын денесинде кыйноонун издери бар экени кабарланган.

Активисттер бул окуяларды Орусиянын Крымды аннексиялоосуна каршыларга карата репрессиясынын уландысы деп айтышууда. Крымдагы татарлардын лидери Мустафа Жемилев марттан бери 18 адам дайынсыз деп билдирген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG