Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

“Жайшул Махдинин” иши боюнча сот отуруму уланат


Бүгүн Октябрь райондук соту Бишкекте бир катар террорчул иштерди уюштурган деп айыпталган, “Жайшул Махди” тобунун мүчөсү деп шектелген 13 кишинин ишин кароону улантат. Алар Бишкектеги синагогада, Спорт ордосунун алдында болгон жардырууга, Сокулуктагы АКШ жаранын тоноого жана милиция кызматкерлеринин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалып турушат. Былтыр алар борбор калаанын Октябрь райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылган.

Соттун жүрүшүндө айыпталуучулар күнөөлөрүн мойнуна алышкан эмес. (ZMa)

XS
SM
MD
LG