Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Жогорку Кеңеш мугалимдердин маянасын көтөрүү маселесин карайт


Мугалимдердин айлык акысы тууралуу мыйзам долбоордо маянаны 30 пайызга көтөрүү каралган. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Каныбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, мугалимдерге орточо 15 миң сом убада кылынганы менен, учурда алар 5-7 миң сом гана алышат.

- Өкмөт 2011-жылдын май айында мугалимдерге каршы токтом кабыл алып, тарифтик торчодон саатына төлөй турган режимди киргизип коюшкан. Бизге да айтпай, мугалимдерге да жакшы түшүндүрүшкөн эмес. Натыйжада айлык бир аз көтөрүлүп, кийин кайра төмөн болуп калган. “Маянаны 30 пайыздан кем эмес көтөрөсүңөр, 2.5 млрд. сомду кайдан болсо да табасыңар” деп өкмөткө катуу шарт койдук.

Болжолдуу маалыматтар боюнча Кыргызстанда 75 миңге жакын мугалим бар. Ошол эле кезде мектептерге 2476 мугалим жетишпейт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG