Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Москвада “Кумтөр” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы башталат


Долбоордун юридикалык маселелери талкуулана турган сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов баштаган делегация Москвага жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров билдирди. Анын айтымында, “Центерра Голд” компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн телекөпүрө уюштурулат.

- Кыргызстан жалдаган "ДеЛай Пайпер" юридикалык компаниясы менен макулдашуу даярдадык. Аны “Центерра Голд” менен видеоконференция аркылуу талкуулайбыз. “Центерра Голд” Нью-Йорктон, кыргыз тарап Москвадагы эл аралык юридикалык компаниянын кеңсесинен байланышка чыгат.

Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы 12-октябрга чейин уланат.

Буга чейин кабарлангандай, кыргыз тарап келечектеги биргелешкен ишкана акционердик коом түрүндө түзүлүш керек десе, канадалыктар жоопкерчилиги чектелген коом катары түзүлүшүн жактоодо. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG