Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Текебаев: Атамбаев Беларуска барат


Президент Алмазбек Атамбаев 10-октябрда Беларус борбору Минскке барат. Бул тууралуу бүгүн, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында айтты.

- Мен кечээ президент менен жолугуп сүйлөштүм. Ал Бакиевди өткөрүп бербей койгону үчүн Лукашенкого таарынып Минскке барбай койсом болот эле. Бирок мен ал жакка барууга мажбурмун деди. Анткени бул жыйын Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү жараянын тездетет,- деди Текебаев.

Белгилүү болгондой 9-10-октябрда Минскте Евразия экономикалык союзунун жыйыны болот. Ага Орусия, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандын өлкө башчылары катышып, саясий жана экономикалык интеграция маселелерин карашат. (UEz)

XS
SM
MD
LG