Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Дагестанда көзөмөл-бекетке кол салгандар өлтүрүлдү


Орусиянын тартип коргоо органдары Түндүк Кавказ чөлкөмүндө, Дагестандын көзөмөл-күзөт пунктуна кол салган үч адам өлтүрүлгөнүн кабарлады. Алар 8-октябрдын таңында Хебда аймагында милициянын машинаны токтотуу талабына каршы чыгып, алар тарапка ок чыгарганын жергиликтүү маалымат каражаттар жазып чыкты. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар федералдык издөөдө жүргөн бандиттик топтун мүчөлөрү болгон.

Орусиянын Түндүк Кавказ чөлкөмүндө, өзгөчө Дагестанда кийинки кездери утур-утур кайталанып жаткан жарылууларды жергиликтүү жана борбордук бийликтер аймакты байырлаган исламчыл согушкерлерден көрүп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG