Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Ооганстанда аял зордуктаган беш киши дарга асылды


Ооганстанда тойдон кайтып келаткан төрт аялды зордуктаган деп айыпталган беш киши бүгүн Пул-и-Чархи түрмөсүндө дарга асылды.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Ооганстандын жаңы президенти Ашраф Ганини зордуктоо үчүн өлүм жазасына кесилген беш киши боюнча өкүмдү ишке ашырбай кое турууга үндөгөн. Аталган уюм соттук териштирүү учурунда мыйзам бузулганын, ошондуктан кылмыш иш кайра тергелиши керектигин айткан болчу.

Быйыл августта Кабул шаарында тойдон келаткан төрт аял жолдон уурдалып, зордуктоого кабылган. Бул окуя коомчулук арасында чоң резонанс жаратып, сот имаратынын алдына чогулган митингчилер айыптууларды элдин алдына алып чыгып дарга асууну талап кылышкан болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG