Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Украинада сүргүндө өлгөн кыргыздар эскерилди


8-октябрда Херсон облусунун Цюрупин районундагы Виноградово кыштагында 1930-жылдары сүргүндө жүрүп каза тапкан кыргыздарды эскерип, 40 түп кызыл карагай отургузулду. Саамалыкты Кыргызстандын Украинадагы элчилиги уюштурду. Кыштакта (мурдакы аты Чалбасы) 1931-1944-жылдары беш жүздөн ашуун кыргыз жашаган.

“Бул жерде сөөгү калган мекендештерибизди эскерип турчу кара бак пайда болот,”- деди КРсынын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев “Азаттыкка”.

Дипломаттын билдиришинче, көчөттөрдү Виноградово мектебинин окуучулары асырап өстүрөт. Мектептин музейинде элчиликтин жардамы менен Кыргызстанга арналган бурч да ачылат.

Кыргыз элчилиги мектепке көп функционалдуу техникалык каражаттарды да белек кылды. Элчи Чыналиев окуучуларга “эл душмандары” деп Ала-Тоодон айдалган адамдар жана Кыргызстан жөнүндө айтып берди.

Былтыр сентябрда Виноградоводогу “Кыргыз мазарга” элчиликтин демилеси жана облустук жетекчилик көмөктөшүп, эстелик тургузулган. Бүгүн Кыргыз элчилиги, жергиликтүү өкмөттүн өкүлдөрү жана виноградоволуктар эстеликке репрессия курмандыктарын эскерип гүл чамбарларды да коюшту (AU).

XS
SM
MD
LG