Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Улуттук университеттин ректорлугуна шайлоо 18-октябрга белгиленди


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректорлугуна 16 киши ат салышууда. Алардын арасында университетте иштеген окутуучулар да, талапкерлигин өз алдынча көрсөткөндөр да бар. Шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү талапкерлерди 27-сентябрдан 6-октябрга чейин каттаган.

Ректорлукка талапкерлердин бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин “Азаттыкка” маалымдашынча, үгүт иштери 17-октябрга чейин жүрөт.

- Улуттук университет көзгө басар бирден бир университет болчу. Азыр такыр эле артка кетип калды. Реформаларды жүргүзүү үчүн жаңы идеялар, таза, жаңы кишилер керек деп эсептейм. Ошондой кишилердин катарын толтуруу үчүн өз талапкерлигимди көрсөттүм. Бирок эң башкысы бардык талапкерлер жакшы, реформачыл идеяларды колдоого алыш керек.

Тарыхчы, журналист жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин 2003-жылдан 2010-жылга чейин “Азаттык” үналгысынын директору болуп иштеген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG