Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

2030-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдрахманов жана Равшан Жээнбеков карышкыр менен чөөлөрдү кошпогондо, жаныбарлардын бардык түрүнө аңчылык кылууга 2030-жылга чейин тыюу салуу демилгеси менен чыгышты. Мыйзам долбоорунун демилгечилери аларга башаламан аңчылык менен күрөшкө чара көрүүнү өтүнүп ар кайсы уюмдар кайрылып жатышканын билдиришти.

Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Азаттыкка” маалымдашынча, бул мыйзам долбоору Кыргызстанга туристтерди тартуу максатында даярдалды:

- Бизге туристтер көп келет, тоону кыдырып чыккысы келет. Бирок көрөйүн десе жан-жаныбарлар жок, баарын кырып, атып отуруп жок кылышты. Биз ушуну толуктап, ордуна алып келишибиз керек. Ошон үчүн ушул мыйзам долбоорун алып чыгуудабыз. Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын аймагында аңчылыкка тыюу салынат. Мылтык алып жүргөнгө акыбыз жок болуп калат. Эгерде жан-жаныбарларды атса, ири көлөмдөгү айыппул салынат, эркинен ажыратууга чейин жаза каралган.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстан боюнча 74 аңчылык чарба бар болсо, каттоого алынган жергиликтүү мергенчилердин саны 20 миңге чукул. 2011-жылы аңчылык тармагынан мамлекетке 28 млн. сом киреше түшкөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG