АКШ мамкатчысынын Европа жана Евразия маселелери боюнча жардамчысы Виктория Нуланд жана АКШнын Украинадагы элчиси Жеффри Пайетт украин чек арачыларына дүрбү, дизелдик генератор өңдүү техникаларды өткөрүп беришти.
Украин маалымат каражаттарынын кабарлашынча, АКШ көрсөткөн жардамдын жалпы суммасы 26 миллион долларга барабар. (ZMa)