Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Түркияда күрддөрдү колдогон акцияда 21 киши өлдү


Түрк өкмөтү Сириядагы Кобани шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушчандарынан коргоодон баш тарткан соң башталган нааразылык акциясындагы башаламандыктар учурунда бери дегенде 21 киши өлдү.

Күрд демонстранттары менен полиция ортосундагы кагылышуулар Стамбул жана Анкара шаарларында орун алган. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду, митингге чыккандар болсо унааларды жана дөңгөлөктөрдү өрттөштү.

АКШ баштаган коалициянын аба соккулары согушчандар менен кармашып жаткан күрддөргө Сириянын Кобани шаарындагы турумдарын бекемдөөгө жардам берди. Бирок түркиялык күрддөрдүн баамында, бул аракеттер жетишсиз болуп турат.

Соңку маалыматтарга караганда, согушкерлер Кобаниге чабуулун күчөтүп, шаардагы дагы эки районду ээлешти.

Кобани – Сириянын Түркия чек арасына жакын жайгашкан шаары. (ZMa)

XS
SM
MD
LG