Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Британ Юстиция министри Бишкекте Максим Бакиев маселесин талкуулайт


Улуу Британиянын юстиция министри Лорд Эдвард Фолкс 9-10-октябрда Бишкекке иш сапары менен келип, өлкөдөгү сот жана укук коргоо органдарын реформалоо иши менен таанышат. Бул тууралуу юстиция министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык ал Кыргызстандын жогорку бийлик жетекчилери менен да жолугушат.

Мындан сырткары Лорд Эдвард Фолкс менен сыртынан 25 жылга соттолгон Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүү жүрүшү күтүлүүдө. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сентябрдын соңунда Британиянын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугуп, Максим Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөргөн болчу. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG