Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Энергетика министрлиги тариф саясаты боюнча сотко кайрыла элек


Энергетика министрлиги тариф саясатын жокко чыгарган Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин жогорку инстанцияга арыздана элек. Бул тууралуу Энергетика мринистринин кеңешчиси Бакытбек Жумагулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында учурда өкмөттүн жана Энергетика министрлигинин юристтери сот чечимин жогорку инстанцияга даттануу боюнча даярдык көрүп жатат.

29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Өкмөттүн тариф саясаты боюнча жаңы токтомуна ылайык, электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG