Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Жылдын мыкты мугалими, мектеби жана бала бакчасы аныкталды


Бүгүн республикалык деңгээлде салтка айланган жылдын мыкты мугалими, мектеби жана бала бакчасы сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында “Эң мыкты мугалим – 2014” сынагында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектептин химия мугалими Калийпа Айдаралиева жана Оштогу №18 мектептин кыргыз тил мугалими Мелисбек Музулманов жеңүүчү деп табылды. Ал эми “Эң мыкты инновациялык мектеп” наамын Ош шаарындагы №32 мектеп, “Эң мыкты айылдык мектеп” наамын Баткендеги Кожобаев атындагы билим уясы утуп алды. “Эң мыкты бала бакча” наамын Ысык-Көлдөгү “Чолпон” бакчасы утуп алды.

Сынактын байге фонду 837 миң сомду түздү. Кыргызстанда 75 миңге жакын мугалим бар. Ошол эле кезде мектептерге 2476 мугалим жетишпейт. Ушул тапта эң көп башталгыч класстар мугалимге муктаж. 4-класска чейинки окуучуларга 506 мугалим жетишпейт. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG