Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Тажикстанда оппозициялык уюмдун ишмердигине тыюу салынды


Тажикстандын Жогорку Соту бүгүн, 9-октябрда “Топ 24” деп аталган саясий уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечимин чыгарды. Судья Саломат Хакимова Башкы прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылып, аталган топ эстремисттик уюм деп таанылганын билдирди. Соттун чечимине ылайык, аталган топтун сайты да жабылып, алардын китеп, баракчаларын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынды.

Башкы прокуратура мамелкеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен катар бул топту экстремисттик деп атоону соттон суранган. Расмий каттоодон өтпөгөн бул топтун башчылары Умарали Кувватов жана Шарофиддин Гадоев чет өлкөгө чыгып кетишкен. Бийликтин экстремизм жана экономикалык кылмыштар боюнча айыптоолорун алар атайын уюштурулган саясий куугунтук деп атап жатышат. Буга карабастан алар тажик өкмөтүн сындоону уланта берерин айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG