Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Индия кашмирдеги атышуу үчүн Пакистанды айыптады


Пакистан менен чектеш, бирок тактала элек Кашмир аймагындагы чагымчыл аракеттер жана атышуулар токтобосо ага жооп кайтарыларын Индиянын коргоо министри Арун Жетли бүгүн журналисттерге билдирди.

“Пакистан агрессор өлкө. Эгер бул авантюра улантыла берсе биздин аскерий күчтөр тиешелүү жоопту кайтарат. Анын баасын өтө оор төлөшөт”, - деп эскертти Жетли.

Өткөн аптада Пакистан-Индия чек аралаш Кашмир аймагындагы атышуудан сегиз жай тургун каза болгон. Буга байланыштуу Индиянын Тышкы иштер министрлиги Пакистан элчилигине нааразылык катын жолдоду.

2008-жылы пакистандык согушкерлер Мумбаи шаарында ишке ашырган кол салуудан 166 киши набыт кеткенден кийин эки өлкөнүн мамилелери кескин начарлаган. Жаму менен Кашмирде 1998-жылы көз карандысыздык үчүн куралдуу күрөш күч алгандан бери 43 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Кашмир региону азыр экиге бөлүнгөн, бирок Индия да, Пакистан да аны толугу менен өздөрүнүн жери деп билишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG