Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Атамбаев электр кубатын өчүрүүнү жаңылыштык деп атады


Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика тармагындагы кризис боюна өз пикирин билдирди. Ал өз билдирүүсүндө:

- Кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 млрд. 400 млн. кВт саат электр энергияны чиновниктер өнөр жайдын жана калктын эсебинен алардын электрин өчүрүү аркылуу чечүү кадамы терең жаңылыштык, - деди президент.

Өлкө башчысы электр кубаты тартыш болорун элге түшүндүрө албаган өкмөттүн коркоктугуна токтолуп, Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ордуна күчтүү менеджер керек болуп жатканын баса белгиледи.

- Өкмөт тарифтик саясатты кайрадан карап чыгып, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү. Анын үстүнө сот дагы азыркы тарифтик саясатты бекитүүдө мыйзам аркылуу каралган жол-жоболордун бузулушун аныктады, - деп улантат президент өз билдирүүсүн.

29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Өкмөттүн тариф саясаты боюнча жаңы токтомуна ылайык, электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн болчу. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG