Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

“Ар-намыс” депутаты Төрөбековдун бир дагы жогорку билими жок


Бул тууралуу Башкы прокурор Аида Салянова бүгүн парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында Төрөбеков бир дагы жогорку окуу жайды аяктаган эмес.

- Төрөбеков 1990-жылы Улуттук университеттин герман факультетине тапшырып, бир жылдан кийин окуудан чыгып калган. 1995-жылы ушул эле окуу жайдын юридика факультетине тапшырып, 5-курста академиялык карыздары үчүн окуудан чыгарылган, - деди Салянова.

Башкы прокурор "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековдун жогорку билим алгандыгы тууралуу документтер жасалма экени тастыкталганын белгилеп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сурады. Нурлан Төрөбеков ооруп жатканын айтып, парламент жыйынына катышкан жок. Эми 5 фракция депутаттарынан турган депутаттык комиссия Төрөбековдун ишин текшерет.

Башкы көзөмөл органы буга чейин Төрөбековго “үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи" чинин алуу үчүн тапшырган жогорку окуу жайдын диплому жасалма экени боюнча кылмыш ишин козгогон. Эл өкүлү өзүнө тагылган айыпты четке кагат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG