Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Ашууда калгандарды издеп кеткен эки жарандан дайын жок


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Анын айтымында ашууда кардан өтө албай калгандарга жардам берүү үчүн 1-октябрда жолго чыккан эки жаран табыла элек. Алар Сузактын Түрк-Абад айылынын тургундары 47 жаштагы Мурзали Сариев жана 46 жаштагы Орипжан Маматалиев. Ал эми суукта тоңуп өлгөн 52 жаштагы Толкунбай Абдыровдун сөөгү алынып келе элек.

Акыркы маалыматтар боюнча калың карга камалган Беш-Мойнок айылынын 4 жараны 1,5 миң кой менен Тогуз-Торо тарапка, дагы эки жаран 500 кой менен Сузак тарапка ашып өткөн.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Коргоо министрлигинин тик учагы менен куткаруу иштерин улантууда.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын 9 малчысы 2000 баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда калың жааган карга камалып калышкан. Ашууда калган чабандардын жакындары жардам сурап кечээ кечинде кайрылышкан.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG