Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Пакистан менен Индия кайым айтышууда


Өзөктүк куралга ээ коңшулаш Пакистан жана Индия мамлекеттери кайым айтышууда. Исламабад Индиянын айыптоолоруна жооп кайтарып, Пакистан өкмөтү чек аралаш аймактагы абалды курчуткусу келбей турганын билдирди.

Тактала элек Кашмир аймагындагы чагымчыл аракеттер жана атышуулар токтобосо ага жооп кайтарыларын Индиянын коргоо министри Арун Жетли 9-октябрда журналисттерге билдирген.

“Пакистан агрессор өлкө. Эгер бул авантюра улантыла берсе биздин аскерий күчтөр тиешелүү жооп кайтарат. Анын баасын өтө оор төлөшөт”, - деп эскерткен Жетли.

Өткөн аптада Пакистан-Индия чек аралаш Кашмир аймагындагы атышуудан сегиз жай тургун каза болгон. Буга байланыштуу Индиянын Тышкы иштер министрлиги Пакистан элчилигине нааразылык катын жолдогон болчу. Индия жана Пакистан 1947-жылдан бери үч ирет согушкан. Эки ирет согуш Кашмир региону үчүн болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG