Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Казакстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгы талкууланды


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Бельгияга жасаган сапары алкагында Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу менен жолугушту. Эки тарап Казакстан-Европа биримдиги кызматташуусун кеңейтүү багытында кол коюлчу келишим тууралуу сүйлөштү.

- Биз Баррозу мырза менен бүгүн кызматташууну кеңейтүү келишими тууралуу сүйлөшүү жыйынтыкталганын расмий тастыктадык. Мындан сырткары Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү боюнча Евробиримдик менен макулдашылган документке кол коюлду. Бул эки документ тең Казакстан үчүн абдан маанилүү, - деп белгиледи Назарбаев.

Казак президенти 2050-жылга стратегия кабыл алынганын, анын максаты - Казакстанды дүйнөдөгү 30 өнүккөн өлкөнүн ичине киргизүү экенин кошумчалады. Бул багытта Европа биримдигинин ролун жогору баалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG