Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Бакуда жармаңкеде кыргызстандык балчылар сабалды


Ушул күндөрү Азербайжандын ордо калаасында өтүп жаткан бал жармаңкесинде азербайжандык балчылар Кыргызстандан барган соодагерлерди сабап салганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кабарларга караганда сатып алуучулар Кыргызстандын балы арзан жана сапаттуу деп ага артыкчылык берип жатканы жергиликтүү ишкерлердин нааразылыгына себеп болгон.

Маалымат каражаттары жазгандай, кезектеги сатуучулар кыргызстандыктардын күркөсүнө келгенде жергиликтүү соодагерлер кыргызстандыктарга кол салып, коопсуздук кызматы аралашканга чейин бир нече мүнөт сабашкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG