Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 21:20

Британияда эболага каршы чаралар күчөтүлдү


Британия эбола вирусу кулач жайып жаткан Батыш Африка өлкөлөрүнөн келип жаткандарга карата “күчөтүлгөн көзөмөлдү” киргизди. Британ премьер-министринин айтымында, Лондондогу аба майдандарында, ошондой эле темир жол станцияларында чаралар күчөтүлөт. Ал арада Македонияда эбола вирусун жуктуруп алган британ жараны көз жумду. Кабарларга караганда, вирустун белгилери Британиянын дагы бир жаранында байкалды.

Эбола вирусу төрт миңге жакын кишинин өмүрүн алып кетти. Вирус күчөп жаткан Либериянын, Сьерра-Леоне жана Гвинеянын президенттери дүйнө коомчулугуна кайрылып, вирус менен күрөштө кошумча жардам сурашты. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG