Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

СССРдин мурдагы президенти Горбачев ооруканага жаткырылды


Бул тууралуу Горбачев “Азаттыктын” орус кызматына өзү кабарлады. Анын айтымында, эски өнөкөт оорусу күчөп кетип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

83 жаштагы Михаил Горбачев көп жылдан бери кант диабетинин оор түрү менен алышып келатат. Акыркы жылдары ага бир нече жолу операция жасалган.

Михаил Горбачев СССРди 1985-жылдан 1991-жылга чейин адегенде КПССтин баш катчысы катары, андан кийин Советтер Союзунун туңгуч жана акыркы президенти катары жетектеген. 1990-жылы Горбачев Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болуп табылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG