Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Бүгүн Алмазбек Атамбаев казак президенти менен сүйлөшөт


Анда кыргыз-казак мамилелеринен тышкары Кыргызстандын Бажы биримдигине, Евразия экономикалык аймагына кошулуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыктын” Минскте жүргөн кабарчысы маалымдады.

Кабарларга караганда, КМШ өлкө башчылары кеңири чөйрөдө түштөн кийин жолугушат. Күндүн экинчи жарымында Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити башталат. Президент Алмазбек Атамбаев учурда Беларуста жашап жаткан мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөрөт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле бүгүн Кыргызстандын Беларустагы элчилигинде 2010-жылы апрелдеги кан төгүүлөр, президенттин ошол кездеги администрация башчысы Медет Садыркулов тууралуу сүрөт көргөзмө уюштурулат. (ZMa/AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG