Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Минскиде Апрель окуясына байланыштуу фотокөргөзмө ачылат


Бүгүн, Беларус борбору Минскиде жайгашкан Кыргызстандын өкүлчүлүгүндө 2010-жылдагы 7-апрель окуясына жана Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу фотокөргөзмө ачылат. Бул тууралуу «Азаттыктын» Минскиде жүргөн кабарчысы Айданбек Акмат уулу билдирди.

Анын айтымында, көргөзмөгө 7-апрелде курман болгондордун жана Садыркуловдун сүрөттөрү коюлат. Учурда президент Алмазбек Атамбаев да Минскте, ал бүгүн Евразия экономикалык биримдиктин жыйынына катышат.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны менен кошо айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана аналитик Сергей Слепченконун өрттөнүп кеткен сөөктөрү Аламүдүн капчыгайынан табылган.(UEz)

XS
SM
MD
LG