Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Кыргыз-казак президенттери Минскиде жолугат


Бүгүн, Беларус башкалаасы Минскиде президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын талкуулайт. Жолугушууда коңшу өлкөдөн кыштан чыгуу үчүн электр кубаты жагынан жардам суралышы күтүлүүдө.

Алмазбек Атамбаев Минскиге Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйынына катышуу үчүн кечээ барган. Аталган жыйын бүгүн башталып, анда Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жана Казакстандын өлкө башчылары саясий жана экономикалык интеграция маселелерин карашат.

Ошондой эле Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча “жол карта” да Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында каралмакчы. Анда аталган мейкиндикке мүчө өлкөлөр Кыргызстандын бул багыттагы позициясын тактап, сунуштарын талкуулайт. (UEz)

XS
SM
MD
LG