Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

АКШ согушкерлердин Кобанидеги турумуна сокку уруусун улантууда


АКШ башында турган коалициялык күчтөр 9-октябрда өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган радикал топтун Кобанидеги турумдарына абадан тогуз жолу сокку урду. Кошмо Штаттардын борбордук командачылыгы аба соккусунан шаардын түндүгү менен түштүгүндөгү согушкерлердин көзөмөлүндө турган төрт имарат жок кылынганын кабарлады.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобунун белгилешинче, эл аралык коалициянын соккуларына карабай «Ислам мамлекети» тобу алдыга жылып, Кобанинин үчтөн бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды. Сириялык күрттөр кыймылынын жолбашчыларынын бири согушкерлер бул аймакта күч алганын белгиледи.

Кобани Сириянын Түркияга чектеш шаары. Аймактагы согуштан улам жүздөгөн жергиликтүү жашоочулар Түркияга качып өткөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG