Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Минскиде Атамбаев казак президенти менен жолукту


Беларустун борбору Минскиде президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Анда эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды. Энергетика тармагындагы кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулду.

Андан сырткары кыргыз президентинин ноябрь айында Астанада болчу сапарына даярдык тууралуу да сөз жүрдү.

Алмазбек Атамбаев Минскиге Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйынына катышуу үчүн кечээ барган. Аталган жыйын бүгүн башталып, анда Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жана Казакстандын өлкө башчылары саясий жана экономикалык интеграция маселелерин карашат.

Ошондой эле Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча “жол карта” да Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында каралмакчы. Анда аталган мейкиндикке мүчө өлкөлөр Кыргызстандын бул багыттагы позициясын тактап, сунуштарын талкуулайт.(AiT/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG