Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:48

Минскидеги КМШ саммити аяктады


Беларустун баш калаасы Минскиде өтүп жаткан КМШ өлкө башчыларынын саммити жыйынтыкталды. Анда шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары сөз сүйлөп, жалпысынан мындан аркы кызматташтык талкууланды.

Молдованын президенти Николае Тимофти Евробиримдике кошулуп жатканын айтып, КМШдагы интеграциялык шериктештиктер соода-экономикалык жактан аталган союзга тоскоолдук жаратпашы керектигин белгиледи. Өз кезегинде Путин Евробиримдиктен КМШнын соода-экономикалык кызыкчылыктарын коргоп калууга үндөдү. Ал эми Өзбекстандын президенти КМШ алкагында улам бир жыйын куруп, пиар менен алектенүүнүн ордуна укуктук базасы бар интеграциялык келишимдерди ишке ашырууну сунуштады. (UEz/AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG