Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:54

АКШ: Сент-Луис шаарында полиция менен демонстранттар кагылышты


АКШнын Сент-Луис шаарында эки күндөн бери ынды кара өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу демонстрация уланууда. Маалыматка караганда, 18 жаштагы Вондеррит Майерст 8-октябрда аскер кызматкеринин огунан каза болгон. Майерсти эскерип, шам жаккандан кийин жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып аскерди жоопко тартууну талап кылышууда. Жума күнгө караган түнү демонстранттар менен полиция кагылышты.

Полиция ынды кара Майерс биринчи ок чыгарганын билдирип жатат. Бирок анын ата-энеси баласында курал жок болгонун айтышты.

Бул Миссури штатында август айынан берки ынды кара адамдын өлүмүнө байланыштуу экинчи нааразылык акциясы. Август айында аталган штаттын Фергюсон шаарчасында Майкл Браун полицейлер менен кармашып жатканда ок тийген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG