Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине быйыл декабрда кошулууга үмүттөнөт


Бул тууралуу Минскиде өткөн КМШ өлкө башчыларынын саммитинен кийин президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кошулуусуна байланыштуу мыйзамдар жана инфраструктуралык долбоорлорду аткаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Биримдикке кошулуу боюнча келишимге декабрда Москва шаарында өтө турган кезектеги саммитте кол коюлушу мүмкүн. Кабарчыбыз Айданбек Акмат уулунун жеринен билдиришинче, бүгүнкү саммитте Арменияны Евразия экономикалык биримдигине кабыл алуу боюнча келишимге кол коюлду.

Орусия, Казакстан, Беларус негиздеген Евразия экономикалык союзу 2015-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштоосу керек. Ал интеграциянын талаштуу Бажы биримдигинен кийинки баскыч болот. Быйыл майда Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүн караган жол картасы бекитилген. Ушул апта башында кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык союзуна кошулуу боюнча иш-чаралардын планын жактырган.

Бүгүн Минскиде КМШ өлкө башчыларынын саммити жыйынтыкталды. Анда шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары сөз сүйлөп, жалпысынан мындан аркы кызматташтык талкууланды. Өзбекстандын президенти КМШ алкагында улам бир жыйын куруп, пиар менен алектенүүнүн ордуна укуктук базасы бар интеграциялык келишимдерди ишке ашырууну сунуштады. Кыргыз президенти Атамбаев КМШ саммитинде сүйлөп жатып:

- Азырынча шериктештиктен башка бир да формат алмаштыра албайт. Кандайдын бир себептер менен бул аянтчадан баш тартып жаткандар, биринчи кезекте өзүлөрүнө зыян тийгизүүдө, - деди.

Орусия президенти Владимир Путин Евробиримдикти КМШнын соода-экономикалык кызыкчылыктарын коргоп калууга үндөдү. (КЕ/UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG