Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Бишкек шаарынын 136 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн, борбордук “Ала-Тоо” аянтында Бишкетин 136 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Ага калаа башчысы Кубанычбек Кулматов да катышып, иш-чарага келгендерди шаар күнү менен куттуктады.

Түштөн кийин шаар тургундарынын катышуусунда веложарыш өтөт. Ага мэр Кулматов баштаган калаа жетекчилиги да катышат. Кечинде майрамдык концерт болуп, шаар күнү майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталат.

Кыргызстандын баш калаасы 1878-жылдан 1926-жылга чейин Пишпек деп аталып келген. 1926-1991-жылдары Фрунзе деп өзгөргөн. Эгемендикти алгандан бери борбор калаа Бишкек баатырдын атын алып жүрөт. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG