Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Алтынбек Максүтов маданият министри болуп дайындалды


Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Алтынбек Максүтов бүгүнтөн тарта Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына расмий киришет.

Режиссер Максүтовду аталган министрликке “Ар-намыс” фракциясы көрсөтүп, анын талапкерлигин парламент жана өкмөт башчысы жактырган.

42 жаштагы Максүтов буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда көркөм жетекчи болуп иштеп келген. Ал коомчулукка эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалынын, “Макал Арт” чыгармачыл тобунун уюштуруучусу жана жакында өткөн “Көчмөндөр оюнунун” башкы режиссеру катары белгилүү. Мурдагы министр Камила Талиева 16-сентябрда кызматтан алынган.(UEz)

XS
SM
MD
LG