Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Кыргызстандык күрттөр дүйнө коомчулугуна жардам сурап кайрылды


Кыргызстанда жашаган күрттөр дүйнө коомчулугун Кобанидеги боордошторун “Ислам мамлекети” уюмунун террорунан коргоп калууга чакырды. Алар БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө, Германия, Франция, Түркия, АКШ жана Орусия элчиликтерине кайрылуу жолдоп, “Ислам мамлекети” тобуна каршы жерден сокку урууну суранышты. Бул тууралуу күрттөрдүн “Мидия” коомдук бирикмесинин башчысы Рамазан Сеидов “Азаттыкка” билдирди:

- Азыр күрттөрдү аесуз өлтүрүп жатышат. Биз дүйнө элин күрттөрдү согушкерлерден сактап калуусун талап кылабыз. БУУнун жана АКШнын коалициялык күчтөрү аларга каршы жерден да соккуларды урушу керек. Анткени бул террор дүйнө эли үчүн коркунуч туудурат, - деди Кыргызстандагы күрт диаспорасынын башчысы.

Кечээ, элүүдөн ашык күрт улутундагы адамдар Горький сейил багында акция өткөрүп, дүйнө элинен жардам сурашкан.

Түркия өкмөтү жергиликтүү күрттөрдүн нааразылыгына карабай Сирия менен чектеш Кобани шаарын коргоо үчүн кандайдыр бир чара көрүүдөн карманып турат. Күрт азчылыгы төрт күндөн бери түрк өкмөтүн Кобани шаарын коргоп жаткандарга колдоо көрсөтүүсүн талап кылышууда. Аталган нааразылык акцияларда 31 жаран каза тапты.(UEz)

XS
SM
MD
LG