Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Порошенко: Миланда Путин менен сүйлөшүү “оор” болот


Украин президенти Петро Порошенко келерки жумада Италиянын Милан шаарында орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү оор болот деп эсептейт. Жолугушууга Германия канцлери, Италия менен Британиянын премьер-министрлери, Евробиримдиктин лидерлери катышат.

Порошенко Донбасстагы жагдайды жөнгө салуу боюнча тынчтык планынын аткарылышына ишенерин украин маалымат каражаттары маалымдашууда. Порошенконун айтымында, тынчтыкка келүү үчүн ириде ок атышууну токтотуу жана Орусия менен чек араны жабуу зарыл.

Порошенко энергетика тармагындагы эки өлкө ортосундагы карама-каршылыкка токтолуп, "Украина үчүн келе жаткан кышта газсыз калуу коркунучу жок экенине күмөн санабайм” деп билдирди.

Порошенко басып алынган аймактардагы газ жана электр менен камсыз кылуудагы көйгөйлөрдү да белгилеп өттү.

Украин жетекчилиги 16-17-октябрда Миланда өтө турган Евроазиялык саммитке чакыруу алган. Анын алкагында, саясатчылардын көп тараптуу, анын ичинде Украина, Орусия, Франция жана Германия мамлекеттеринин жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG